Миң кыял FM

Миң кыял FM

“Миң кыял FM” радиосу 2007-жылы 1-январда ачылган. Кыргыз улуттук Радиосунун 1, 2–программаларынан эфирдик классификациясы аркылуу кескин айырмаланат, тактап айтканда, “Миң-Кыял FM” 70% музыкадан, 30%ы маалыматтан турат. Радио программаларын музыкалык-маалыматтык форматтын принциптерин сактоо менен кыргыз тилинде гана даярдайт. Музыкалык саясаты боюнча Кыргызстандык гана аткаруучулардын кыргыз жана орус тилдүү чыгармаларын угармандар арасында жайылта турган алгачкы радиостанция. Ошондой эле рекламалык кызмат дагы эки тилде жүргүзүлөт. Маалымат таратууда “Миң кыял FM” радиосу “Би-Би-Си” Бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы менен өнүктөш экендиги менен өзгөчөлүү. Ал эми радиостанциянын өздүк жаңылыктар кызматы “5 мүнөт” деп аталат.
Access to this station's podcasts is not available or it does not provide any